Биз менен байланышыңыз

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 889 | 0

Бишкекте 25-29-ноябрь күндөрү олимпиаданын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин 65 жаш мааракесине карата оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ага Борбор Азия, жакынкы жана ыраакы өлкөлөрдүн спорт делегаттары, республиканын облус жана шаарларынын курамалары катышат. Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону болгон.

Copyright © 2017 Maral FM