Биз менен байланышыңыз

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 12 Фев 2020 | 529 | 0

Кыргызстандын оор атлетчи балбаны Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстанда өтүп жаткан “International Solidarity Championships” эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Расулбеков 96 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашып, 375 килограмм салмактагы темирди көтөрдү. Анын жыйынтыгы менен 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM