Биз менен байланышыңыз

Кыргыз оор атлетчиси алтын байге утту

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 706 | 0

Кыргыз спортчусу Бекдоолот Расулбеков оор атлетика боюнча Таиландда өткөн эл аралык мелдеште алтын байгенин ээси болду. Бул тууралуу Akipress sport кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга квалификациялык статусу бар EGAT’s Cup 2019 турнири 7-февралда Таиланддын Чингамай шаарында башталган.

Кыргыз спортчусу 10-февральда 102 килограммга чейинки салмактык категоряда катышкан. Бул категорияда Кыргыз спорчусунан башка, Казахстандык оор атлетчи күчүн сынаган.

Расулбеков жулкуп көтөрүүдө 157, түртүп көтөрүүдө 190 килограмды көтөргөн. Жалпы жыйынтык 347 килограмды түзүп алтын байгенин ээси болду.

Мындан сырткары, Тайландда өткөн турнирге катышкан дагы бир оор атлетчи Ильзат Артыков 67 килограмга чейинки салмактык категорияда 4 орунду ээледи.

2020-жылкы Олипиада оюндарына оор атлетчилерди тандап алуу тартиби өзгөрүп, мурдакыдай команда эмес ар бир оюнчунун квалификацыялык упайлар эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM