Биз менен байланышыңыз

Оор атлетчи, ардагер-чемпиону Азизбек Күйкеев Бишкекке келди

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2019 | 796 | 0

Кыргызстандын темир билек балбаны, Дүйнө чемпиону ардагер оор атлетчи Азизбек Күйкеев Бишкекке келди.

Ардагер спортчуну бүгүн таң эрте «Манас» эл аралык аба майданынан тийиштүү жетекчилер, жакындары, күйөрмандар жана журналисттер тосуп алышты.

Азизбек Күйкеев 1-4- ноябрда Кипрдин Лиммасол шаарында өткөн ардагерлердин дүйнө чемпионатына катышып, алдын медаль тагынды. Ал 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында 81 килограмм салмакта күч сынашты. Мекендешибиз жулкуп көтөрүүдө 85 кг. Ал эми түртүп көтөрүүдө 110 кг. жалпы оордугу 195 кг болгон темирди көтөрүп, жеңүүчү болуп, Кыргызстандын желегин желбиретти.

Эскертип кетели, Азизбек Күйкеев оор атлетика боюнча СССРдин спорт чебери, ардагерлер арасында Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону болгон. Ардагер темир билек балбан мындан сырткары дүйнөлүк кубоктун эки жолку күмүш байгесинин ээси болгон.

Ал Токмок шаарындагы балдар спорт мектебинин машыктыруучусу болуп эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM