Биз менен байланышыңыз

Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 633 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмодзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, эки элдин ынтымагын, достугун бекемдөө жаатында маектешкен. Ошондой эле чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышкан.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Баткен облусунда Тажикстандын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралар планы талкууланып жатканы айтылды. Алдыда аталган иш пландар бекисе, экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруларын белгилешүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM