Биз менен байланышыңыз

3-мартта көпчүлүк аймакта кар, жаан күтүлөт

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 458 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM