Биз менен байланышыңыз

Баткенде «CASA-1000» долбоору боюнча калк менен жолугушуу болуп өттү

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 424 | 0

Февралдын аяк ченинде Баткен облусунун Кадамжай районунун Токой жана Алыш айылдарында «CASA-1000» долбоорунун маселери боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын, «CASA-1000: Жергиликтүү жамаатты колдоо» долбоорунун, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, Кадамжай районунун акими, тиешелүү кызматтардын кызматкерлери — Мамэкотехинспекция, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө калкка «CASA-1000» жана «CASA-1000: Жергиликтүү жамаатты колдоо» долбоорун ишке ашыруу процесси жөнүндө кеңири маалымат берилди.

«Долбоордун алкагында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын аралап өткөн, узундугу 455 чакырымга созулган 500 кВт электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулат. Ал негизинен көрсөтүлгөн үч аймактын калкы сейрек жайгашкан аймактарынан өтөт. Долбоордун маршрутуна жакын жайгашкан калктуу конуштардын саны 25 айылды түзөт», — деп билдирди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев.

Жергиликтүү тургундар негизинен ЭБЧнын ден соолукка жана үй чарбачылыгын жүргүзүүгө тийгизген таасири боюнча суроолорду беришти.

«270 чакырымдан ашык ЭБЧ Баткен облусу аркылуу өтөт. ЭБЧнын коргоо зонасы бузулбаса, ден соолукка коркунучсуз жашоого жана үй чарбачылыгын жүргүзүүгө жол берилет. Электр берүү чубалгысын курууда, жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тартууда бардык белгиленген санитардык-коргоочу ченемдер жана эл аралык стандарттар так сакталат. Электр берүү чубалгысынын эң четки зымынан үйлөргө жана чарбалык курулуштарга чейинки аралык 30 метрге жетпеген учурларда, бул объекттер белгиленген мыйзамдарга ылайык көчүрүлүүгө тийиш», — деди Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Марат Раймалиев.

Белгилей кетсек, «Жергиликтүү жамааттарды колдоо» долбоорунун алкагында 77 максаттуу айыл калктуу конуштун көлөмүнө жана анын муктаждыгына жараша тигил же бул колдоого ээ болушат.

«ЭБЧдан 1,5 км чакырымда жайгашкан айылдар, айылдын электр энегиясы менен камсыздалышы жана инфраструктурасынын жакшыртылышы үчүн чакан гранттарды алышат. Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен конкурстук негизде тандалып алынган 30 объекттин каржыланышы пландаштырылууда. Жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун жалпы каржылоосу 11 миллион долларга бааланган», — деди «CASA-1000: Жергиликтүү жамааттарды колдоо» долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев.

«CASA-1000» долбоору Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылып, жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM