«Улан Узун» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Улан Барчакеев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө «Улан Узун» деген ат менен белгилүү Барчакеев Улан Кыйбатбековичке мыйзамсыз иш-аракет жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 1-мартта У. Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткизилген.
УКМК шектүүнүн кылмыш жасоо жагдайлары жана кылмышка байланыштуу иштери бар экенин аныктады. Кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде иш козголуп, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.