Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин сынынан соң, айылга көчүп барган акимдин контейнер үйү (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 13036 | 1

Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаковдун убактылуу жашай турган контейнер үйү даяр болгону айтылып, сүрөтү жарыяланды. Өзбек басылмалары бул сүрөттү «күндүн сүрөтү» катары сыпатташты.

Буга чейин Абдуразаков өзбек президенти Мирзиёев капыстан кирип барган Бунёдкор айылына контейнерден үй салып, көчүп барарын айткан.

Наманган облусунун акими эл именен жолугушуу учурунда: «Мен эми күн сайын ушул жерде, сиздер менен чогуу, кошуна болуп жашайм. Айылдык комитеттин имаратынын так маңдайына «Облус акиминин үйү» деген жазууну илип, контейнерден үй тургузам», — деп билдирген.

Абдуразаков ошол эле күнү айылдагы таштанды жайды жаап, ашар жолу менен тазалык иштерин жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, 19-февралда өзбек президенти Мирзиёев Наманган облусундагы сапары учурунда Бунёдкор айылына капыстан кирип барып, андагы абалды сындаган. Жергиликтүү тургундар айылда таза суу жок экенин, жолдорун баткак басып, таштанды жай ачык жатканын айтып арызданышкан болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Дилфуза

    01.03.2021 11:04

    Офарин. Призидент шундай болиши керак.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM