Бишкек шаардык мэриясы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук жана андан жабыркагандар үчүн социалдык маалымат жарнактарын иштеп чыкты.
Үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө жарандардын көңүлүн буруу жана «111» ишеним телефонун жайылтуу максатында шаардын айланасында 20га жакын жарнама такталары илинет.
Демилге «Үй-бүлө – ата-эне жана балдар өзүн коопсуз сезген жер» деген ураан-чакырыкка негизделет.
«Биз Кыргызстанда ар бир жарандын укугу — коомдун пайдубалы, күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнүн негизи экенин айткыбыз келет», — дейт БУУнун өкүлү Улзийсурен Жамсран.