Биз менен байланышыңыз

Биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасаган цех аныкталды (видео)

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 1014 | 0

Финансы полициясы биологиялык активдүү кошулмалардын түрлөрүн уруксат берүүчү документтери жок даярдаган жер астындагы цехти аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-февралда Бишкек шаарындагы Донской тилкесинде биологиялык активдүү кошулмалардын «Омега-3-6-9», «зире майы», «зайтун майы» жана башка түрлөрү антисанитардык шарттарда жасалганы аныкталган.

Жасалма өндүрүштү уюштургандар чет мамлекеттин жарандары экени аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «мыйзамсыз ишкерлик» беренесинин негизинде катталды. Алынган продукциялар экспертизага жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM