Биз менен байланышыңыз

Шарапов: Күйүүчү майдын наркы көзөмөлгө алынышы зарыл

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 596 | 0

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов күндөн-күнгө күйүүчү-майлоочу каражаттардын наркы жогорулап, 8 сомдон 10 сомго чейин көтөрүлүп кеткенин белгиледи.

Анын айтымында, күнүмдүк колдонулуучу азык-түлүктүн баасынын өсүшү да, күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө таасир тийгизип жатат.

«Жазгы талаа жумуштары башталган учурда мындай абал дыйкандар үчүн оорчулук жаратат. Андыктан, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, наркын туруктуу кармап туруу зарыл. Ошондой эле газдын баасы да коңшу өлкөлөргө караганда кымбат болууда. Орусиянын бизге болгон мамилеси адекваттуу болбой жатат. Бул жаатта да Өкмөт алгылыктуу кадамдарды жасашы шарт», — деди.

Андан тышкары депутат Эмиль Токтошев жазгы талаа иштерине байланышкан көйгөйгө токтолуп, дыйкандарды арзан күйүүчү май менен камсыздоо кажет экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM