Биз менен байланышыңыз

Депутат Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин экиге бөлүнүшүн сынга алды

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 444 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рада Туманбаева Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги экиге бөлүнүп, эки министрликке карап калганын сынга алды.

Анын айтымында, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өзүнчө бир система. Ирилештирүүнүн негизинде чоң система бузулуп жатат.

«Аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин натыйжасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги да экиге бөлүнүп, жарымы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, жарымы Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өтүп калган. Бул деген бир чоң система болсо, эмнеге экиге бөлүнүп жатат? Анда экологияга байланыштуу тармактардын баарын бир министрликке чогултпайсыздарбы?», — деди Туманбаева.

Ошондой эле ал мурда өкмөттүн катарындагы министрлик болгондугун айтып, азыркы экологиялык маселелер негизги көйгөйгө айланган учурда системаны бузуу туура эмес болгондугун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM