Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан акыркы суткада алты адам каза тапты

Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 736 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 16, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 66 адам коронавирустан айыкса, Бишкекте беш бейтап жана Жалал-Абад облусунда бир адам коронавирустан каза болгон.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 396 бейтап, амбулатордук түрдө 339 адам дарыланууда.

Өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери жалпы  4 миң 202 дарыгер коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 85 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 756 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM