Биз менен байланышыңыз

14 жашка чейинки балдардын маалыматтык медициналык базасы түзүлөт

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 462 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков балдардын Кавасаки синдрому менен оорусуна байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлгө алуу боюнча иш-чаралар планы жоктугун сынга алды.

Балдардын бирдиктүү маалыматтык медициналык базасын түзүү жана курч респиратордук вирустук инфекция, пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсебин жүргүзүүнү тапшырды. Муну менен балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар планын иштелип чыгат.

«Бардык билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан, милдеттүү түрдө ар бир бала боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип туруусу керек. Учурда мектепке чейинки мекемелер жана мектептер чектелген форматта иш алып барууда. COVID-19 пандемиясынын учурунда салттуу окуу процессинин балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин талдоосуз, мекемелердин ишин толук кандуу жандандыруу тууралуу айта албайбыз», — деди Новиков.

Бир жумада Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек мэриясы, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бишкектеги мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде офлайн режимде окуп жаткан балдарды симптомдор байкалган учурда коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ жүргүзөт.

Ошондой эле балдарды сасык тумоого каршы вакцина менен ыктыярдуу түрдө вакцинациялоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү тапшырмалары берилди.

Келерки жумадан тарта аталган практика ар бир билим берүү мекемесинде медициналык персоналдын кезметин уюштуруу менен ишке киргизилүүгө тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM