Биз менен байланышыңыз

Кытай пандемия учурунда бир тараптуу санкцияларды алып салууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 504 | 0

Кытай өкмөтү мамлекеттер коронавирус пандемиясы учурунда бир тараптуу санкцияларды алып салуулары керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И пандемияга каршы күрөшүү чаралары боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ван Кытай БУУнун макулдугусуз киргизилген бир тараптуу санкцияларга ар дайым каршы болуп келгендигин айтты. Ошондой эле коронавируска каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтык зарыл экенин белгилеп, санкцияларды токтотууга чакырды.

«Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө пандемиянын жаңы толкуну дагы деле болсо уланууда. Нааразычылыктар ​​же гуманитардык кризис болгон өлкөлөр өзгөчө олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда».

Ван И Кытай вакциналарды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча 10дон ашык өлкө менен кызматташып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, Кытай өнүгүп келе жаткан 53 өлкөгө алардын суранычы боюнча вакцина берген.

Кытайдын Тышкы иштер министри Пекин бул кадамдарды жасоо менен «геосаясий максаттарды, экономикалык утушту же саясий шарттарды коюуну» көздөбөй турганын, болгону вакцинаны баарына ачык кылууга умтуларын айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM