Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 783 | 0

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кавасаки синдромунан 2 бала дарыланып жатат. Бул маалыматты бүгүн, 17-февралда аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

«Кырдаал көзөмөлдө. Министрлик тарабынан коронавирустан дарылоонун 5-протоколу бекитилип жатат. Анда кавасаки синдромунан дарылоо дагы кошулат», — деди Узакбаев.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда кавасаки менен ооруган балдар арасында өлүм катталган жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 28 бала кавасаки синдромуна шектелип, ооруканага жаткырылганы айтылган болчу.

Кавасаки синдромунун кантип алдын алса болот?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM