Республиканын аймагында 16-февралга карата реалдуу режимде 1405 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын 993ү мамлекеттик/муниципалдык (анын ичинен 9 атайын адистештирилген, 3 ведомстволук) жана 412си жеке менчик бала бакча.