Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жеке булактарына таянып, Жээнбековдун Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келгенин жазды.
Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравияга 2-февралда кичи ажылык үчүн жөнөп кеткен болчу. Ал Бишкекке 10 күндөн кийин келе турганы маалымдалган.
Буга чейин 3-февралда экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна суракка чакырылган.
Сооронбай Жээнбеков октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыккан башаламандыктардан улам 2020-жылдын 15-октябрында кызматын тапшырган. Бирок Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калган.