Биз менен байланышыңыз

Жаңы мэр Нургазиев аял кишиге кол көтөргөн окуя боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 415 | 0

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев аял кишиге кол көтөргөн окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, окуя бир жарым жыл мурун болгон.

«10 жыл мурун «Капитал Плюс», «Капитал права» фирмалары элге насыя берип, убагында төлөбөгөндөрдүн үйүн алып коюшчу. Сот да бир канча адамдардын үйүн аталган фирмага алып берип койгон. Фирма чоң ишканага айланып, «Альянс курулуш» компаниясына насыя берип, ушул эле схема менен аларды банкрот кылып, объектилерин басып алышкан. Анын ичинде менин да объектим бар эле, андагы курулуш иштери токтоп калганда, ал үйдүн жашоочулары менен «өзүбүздүн күчүбүз менен куруп бүтүрөбүз» деп сүйлөшкөнбүз. Мени кооперативдин башчысы кылып дайындаган. Үлүшчүлөрдүн жыйыны учурунда аталган фирманын юристи телефондорун күйгүзгөн бойдон келип, сүйлөшүп жаткан жерден бетиме чаап жиберген. Менден да реакция болуп, чаап жибергем. Окуя бир жарым жыл мурун болгон. Ошол эле күнү арыз жазгам. Жыйындын катышуучу 30 адам да ал аял келип, мени биринчи чаап жибергенин далилдеп берген», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна 44 жаштагы Эрмек Нургазиев келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM