Биз менен байланышыңыз

Нургазиев: Менин милдетим — шаардык кеңештин шайлоосун таза өткөрүү

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 1877 | 0

Менин милдетим — 11-апрелге белгиленген Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун таза өткөрүү. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев бүгүн, 9-февралда алгачкы маалымат жыйынында билдирди.

Ал буга чейин бизнесте болгонун айтып, эми жаңы кызматында Азиз Суракматов, Балбак Түлөбаев бүтүрө албай калган иштерди улантарын билдирди. Андан сырткары башаламан салынган имараттардын, күйүп кеткен прокуратуранын эски имаратынын жана башка бир катар муниципалдык имараттардын көйгөйүн чече турганын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.

Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэри болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM