Биз менен байланышыңыз

«Криминалдык романтикага» азгырылган жаштар көбөйдү

Коом , Кыска кабар , Саясат | 8 Фев 2021 | 1484 | 1

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ич ара чатагынан жаш жигит өлдү. Бул окуя жаштардын кримчөйрөсүнө аралашуусун алдын алуу маселесин козгоду.

6-февралда Нарында болгон окуя кримчөйрөдөгүлөр арасында өч алуу аракети катары бааланууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ок аткан 25 жаштагы баланы 31 жаштагы маркум жигит мурда сабап, мазактаган экен. Ал өч алууну көптөн бери көздөп жүргөн.

Эксперттер мындай кырдаалды кримчөйлөрдөгүлөр өз ара араздашууларын сыртта чечип калышты деп да баалашууда.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова окуя тууралуу буларды билдирди:

— Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын тургуну 1996-жылы туулган М.Н кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «ИЖ-20» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалды.

Өткөн жумада эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жанданганын, өлкөдө мындан ары кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жашабай турганын парламенттин жыйынында айткан.

«Мындан ары уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөдө жашабайт. «Смотрящий», «вор в законе» болугусу келгендер башка өлкөгө барып жашасын», — деген Камчыбек Ташиев.

Жаштардын кримчөйрөсүнө аралашуусу «криминалдык романтика» менен башталат. Алар кайсы бир топко кошулгандан кийин өзүн маанилүү сезип, лидердин айтканын эки кылбай аткарууга, анын көзүнө көрүнүүгө аракет кылат.

Жаштарды азгырган дагы бир жагдай – уюшкан кылмыштуу топторго кошулгандардын кымбатыраак машина тээп, кымбатыраак кийим кийип жүргөнүн көрүп, «тез арада алардын катарына кошулуп, жашоомду оңдоп кетсем» деген сокур көрөгөчтүк болот.

Жашарып бараткан уюшкан кылмыштуу топторду азайтуу боюнча жарандык активист Семетей Талас уулу бир топ сунуштарын берип келет. Ал уюшкан кылмыштуу топторду коомдон алыстатуу керек деген ойду айтты.

— Көчөдө эле бири-бирин атып, бычактап же коркутуу кадимки көрүнүш болбошу керек. Мамлекет уюшкан кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш жүргүзүшү шарт. Мен муну айта берип, тилим тешилди. Алардын спорттук мелдештерге катышуусуна тыюу салуу керек болчу. Жаңы чыгып келе жаткан кайсы бир спорт чеберин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн кандайдыр бир белек же акча алышына тыюу салуу керек. Эгер алса, сыйлыктарынан, стипендияларынан ажыратып, эл аралык мелдештерге катыштырбаса, алар спортчулардан алыстап калышмак.

Уюшкан кылмыштуу топтордун өздөрүнө да талаптарды коюу керек. Эгер ал ИИМдин учурдагы каттоосунда турса, ага ар кайсы иш-чараларга мелдештерге баруусуна, байге коюусуна тыюу салынса, коомдон алыстамак.

Андан сырткары биздин жаштарды жогорку билимди талап кылбаган жакшы кесиптер менен камсыздоо керек. Ошол эле экскаваторщик, крановщик жана башка кесиптер менен алектенсе, көп болбосо да, жакшы акча таба алат. Сөзсүз эле айла жоктун иши болуп, тачка түртпөй, керектүү кесиптер менен иштесе, жаман жолго бармак эмес.

Мындан тышкары жаштардын кылмыш дүйнөсүнө кошулуп кетпөөсү үчүн же аралашып кеткендерди кайра кайтаруу үчүн жергиликтүү имамдардын ролу абдан чоң. Алар түшүндүрүү иштери аркылуу таасир эте алышат.

Нарын облусундагы жаштардын кир чөйрөдөн арылуусу, туура жолду тандоосу үчүн тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгендердин бири — Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев. Анын пикиринде, жаштар туура багыт тандоого, дем, шыкка муктаж.

— Мушташуу, жаңжалдашуу жана башка жаман иштердин алдын алуу үчүн балдарга туура багыт берүү керек. Жаштар жол көрсөтүүгө, дем, шык берүүгө муктаж болушат. Алардын энергиясын туура нукка салуу керек. Биз бул маселе боюнча колдон келишинче аракет кылып келебиз. Негизи Нарындын эле эмес, жалпы Кыргызстандын жаштары ийкемдүү болушат, сөз угушат. Өзүбүз үлгүлүү болуп турсак эле жакшы болмок. Азыр кичи футбол аянтчалары, спорт комплекстери ачылып жатат, жаштардын күчүн ушундай жакшы жактарга, ден соолугун чыңдаганга, китеп окуганга буруу зарыл. 

Жаштарга тарбия берүүнүн жолу мектептен башталат. «Бир мектептин салынганы — 100 же миң түрмөнүн жабылганы» деп айтылат. Ошол эле учурда окуу дегенде эле мектеп же университет дегенди түшүнбөшүбүз керек. Окуу борборлорун, китепканаларды ачуу зарыл. Карапайым эл бара ала турган жерлерди ачуу абзел. Анда балдарга руханий сабак, жашоосунда багыт бере турган борборлор ачылса туура болмок.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчөгөн маал 1992-1995-жылдарга туш келет. Бул жугуштуу оору сыяктуу Европа, Прибалтика, Орусия мамлекеттеринен келген. Прибалтикада 1989-жылдары башталган. Андан ары Орусияга жетип, андан Кыргызстанга келип отурат. Ал кезде 30га жакын группировкалар болуп, Кыргызстандын аймагын, бизнесмендерди, сатуучуларды бөлүп алган, бири-бирине баш ийбеген топтор болгон.

Учурда ИИМдин өлкө боюнча атайын автоматташтырылган маалымат базасында Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун 1 миң 76 мүчөсү бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн Ички иштер министрлигине жетиштүү укук берип, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу керек деген пикирде.

-Бизде: «Уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү азайып баратабы же көбөйүп баратабы?» — деген суроо турат. Себеби укук коргоо органдарынын негизги милдеттеринин бири — профилактика катары аларды туура жолго салууга да маани берүү керек. ИИМдин эң артыкчылыктуу багыттарынын бири — уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүү болушу керек. Бул ишти азыр УКМК аткарып жатат. Кабыл алынган мыйзам да бар, бирок ал толук кандуу иштебейт, ал документке 6-7 жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Аны ИИМ өзү сунуштаган, бирок анда кемчиликтер көп.

Мыйзам эмне үчүн иштебейт? Себеби байкуш ИИМдин кызматкерлери кармайт, сотко өткөндө, баары эмес, көпчүлүгү кызыкчылыгы болгон үчүн бошотуп жиберет. Мындай карама-каршылыктарды жоюу керек. Эгер жакшылап күрөшсө, бир айдын ичинде УКТнын таасирин бир топ азайтса болот.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго карата күрөш уланып жатканына ишендирет. 2020-жылы 172 уюшкан кылмыштуу топ ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган экен.

Анын ичинде, киши өлтүрүү боюнча 3 иш катталган, калгандары дагы башка кылмыштар. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ИИМдин ыкчам каттоосуна иш жүргүзүү үчүн катталат. Эгер кылмыш жасаса, мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралган. Аларды эркиндикке сот гана чыгара алат.

Укук маселелери боюнча эксперттер уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш системалуу жүргүзүлбөсө, алардын таасири мамлекеттин бардык бурчуна жетерин эскертип келишет. Айрымдарынын пикиринде, крим чөйрөсү менен күрөшүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүк бар, бирок аракет чабал болуп келет.

1 пикир

1 пикир

  1. Талгат

    09.02.2021 07:30

    Макалада, башка макаланын темасына шилтемени бираз башкача кылып өзгөртүп койсоңуздар, макаланын подтемасы сыяктуу көрүнүп калыптыр

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM