Биз менен байланышыңыз

ИИМ Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун расмий санын жарыялады

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 1271 | 0

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго карата күрөш уланып жатканын кабарлады. Былтыр жыл ичинде 172 уюшкан кылмыштуу топ ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган.

Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар:

-Киши өлтүрүү боюнча -3 иш;

-Денеге оор залал келтирүү — 6;

-Адам уурдоо — 2;

-Опузалап талап кылуу — 15;

-Каракчылык — 7;

-Тоноо — 2;

-Алдамчылык — 28;

-Бейбаштык — 25;

-Уурулук — 14;

-Мыйзамсыз курал сактоо — 10;

-Баңгизаттарга байланыштуу -3 жана башка 17 кылмышты жасалган.

Кармалгандардын арасында 9 жаран криминалдык чөйрөдө жогорку статус алып жүргөндөр.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча атайын автоматташтырылган маалымат базасында Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жалпы саны 1 миң 76 жаран катталган.

Мындан тышкары, адам өлтүрүү, тоноо, зордуктоо, опузалоо, алдамчылык, уурдоо, баңгизатын мыйзамсыз сактоо сыяктуу жалпы кылмыштуу багыттагы 403 иштин бетин ачылган. Тергөөдөн жана соттон жашынып, мурда издөөдө жүргөн 22 адам кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM