Биз менен байланышыңыз

Мусуралиев бизнести колдоодо кечиктирилгис чараларды атады

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2021 | 604 | 0

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде ишкерлерди колдоодо кечиктирилгис чаралар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар бизнеске ашыкча кийлигишпеши керек.

Кичи жана орто бизнес каржылык колдоого муктаж, каражат тартыш. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каралган каражаттар жетиштүү эмес. Өзгөчө аймактарда бизнести материалдык жактан колдоо максатында фонд түзүү зарыл.

«Фонд түзүү маселеси өз алдынча башкаруу органдарына коюлса, алар кайсы ишкер ак ниет иштээрин жакшы билишет. Монголиянын тажрыйбасын карасак, алар фонд түзүшүп, каражат бөлүштүрүү маселесин коомчулук менен чечишет. Бул нукура демократия деп эсептелинет. Бул моделди бизге да алып келсек жакшы болмок», — дейт Мусуралиев.

Copyright © 2017 Maral FM