Биз менен байланышыңыз

Жогору Сот Калиевага байланыштуу иш жөнүндө түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 576 | 0

Жогорку Соттун маалымат кызматы мекеменин төрайымы Гүлбара Калиевага карата коюлган дагы бир айыптоо боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Гүлбара Калиева 2020-жылдын февраль айында Тартип комиссиясына Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясына карата сот отурумунда соттолуучуга карата этикага сыйбаган жүрүм-туруму жөнүндө сунуш берген.

Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

Буга байланыштуу, Калиеванын буйругу менен 2020-жылы апрелде комиссия түзүлүп, сот залынан чыккан видеонун булагы иликтенген.

Комиссия IT адисинин катышуусунда видео түздөн-түз жаздыруу жолу менен видеокамерадан алынып салынды деген тыянакка келген.

Техниктердин корутундусуна ылайык, видеону уруксатсыз кирүүнүн изин таба албаган эки жерден алууга мүмкүн. Ошол эле учурда, адистер судья И.Ж.Б.нын бөлмөсүнөн файлдарды түшүрүү боюнча далилдерди таба алышкан эмес.

Ошол себептен Жогорку Соттун төрайымы видеобайкагычтардан файлдарды алып салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, видеобайкоо жабдууларын пайдалануу тартиби жөнүндө инструкцияга өзгөртүү киргизүүнү тапшырган.

«Демек, мазмуну жана мүнөзү боюнча айырмаланган эки маселени аралаштыруу аракети жана Жогорку Соттун төрайымы кызматтык иликтөөнүн материалдарын жашырды деген билдирүү негизсиз», — деп айтылат маалыматта.

УКМК буга чейин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясына карата кылмыш иши ачылганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM