Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жогорку Соттун төрайымына дагы бир иш ачылды

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 610 | 0

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы боюнча дагы бир иш ачылып, сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө сот бутагынын айрым өкүлдөрү жеке кастык мамилесинен улам судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында интернетте алардын беделин түшүргөн видеоматериалдарды таркаткандыгы аныкталды.

2020-жылдын февраль айында интернетте Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы, прокурор жана соттолуучунун катышуусунда сот отурумунун видеотасмасы жарыяланган. Анда судья менен соттолуучунун ортосунда талаш-тартыш болгон.

Андан кийин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева видеотасмадагы судьяга эскертүү берип, тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча Соттор Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш киргизген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында бул окуяга Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы «И.Ж.Б.нын» түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал соттук процессти кеңсе компьютеринин мониторунан жеке телефонуна тартып алган.

Белгиленген сот жараянын видеотасмага тартуу учурунда ал өзүнө жакпаган судьяны орой мамиле жасагандай көрсөтүү максатында соттолуучунун үнүн атайылап азайткан.

Гүлбара Калиева судья И.Ж.Бнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин ачык-айкын фактыларына карабастан, тартиптик жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна жоопкерчилик же кызматтык иликтөөнүн материалдарын укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн жөнөткөн. Бул фактыны жана кызматтык иликтөөнүн натыйжаларын жашырган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде 3-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча териштирүү башталды.

Copyright © 2017 Maral FM