Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Коңшу мамлекеттерде бир да прокурор интервью бербейт, бизде демократия

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 892 | 0

Коңшу мамлекеттердин Башкы прокурорлору басма сөз жыйынын өткөрбөйт. Бирок Кыргызстанда демократия болгон үчүн Башкы прокурор массалык маалымат каражаттарына жыйын өткөрүп турат. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Мен пиар үчүн баарын айтып койсом болот, бирок буга мыйзам жол бербейт. Себеби учурда тергөө жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтар боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигине текшерүү жүргүзүлүп, жеке компания коммерциялык сунуштардын талаптарын одоно бузуп, арзан кол каптарды кымбат баада алып, мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтирген. Бул маалыматтар тергөөгө берилди. Эгер ал сапаттуу жүргүзүлсө, мамлекетке келтирилген зыян мындан да көп болушу мүмкүн«,-деди Зулушев.

Башкы прокурор коңшу мамлекеттерде бир да кесиптеши басма сөзгө жыйын курбай турганын, Кыргызстанда демократия болгон үчүн үстүртөн болсо да, маалымат берүүнү туура көргөнүн айтты.

Бул кылмыш ишинде министрликтин төрт кызматкери фигурант экени айтылып, кайсы ЖЧК менен келишим түзүлгөнү ачыкталган жок.

Башкы прокуратура 2-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

2020-жылдын 6-майында министрликтин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы жеке коргонуучу каражаттар — комбинезон, медициналык кол кап, бахиланы сатып алууда эң төмөнкү баа сунуштаган компанияларды тандаган эмес.

Ал эми жогорулатылган баа сунуш кылган «Ф» аттуу ЖЧК менен келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, техникалык талаптарга жооп бербеген 101 миң 300 түгөй кол кап жеткирилген.

Ошондой эле, келишимде каралган 150 миң даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап, 1500 даана алып келишкен. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 5 млн 175 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул факты Жазык кодексинин 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 322-беренелери («Билип туруп пайдасыз келишим түзүү») менен катталып, материалдар тийиштүү тергөө органдарына жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM