Ош облусунун Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, бул — Улукбек Мариповдун премьер-министр кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.
Президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири — жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү, кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.