Биз менен байланышыңыз

Марипов: Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 2489 | 1

Премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов парламенттин 3-февралдагы жыйынында Баткендеги чек ара маселеси тууралуу да сөз кылды. Депутат Абдывахап Нурбаев ал аймакты өнүктүрүү стратегиясы жана Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолунун курулушу боюнча суроо берди. Анда Марипов жолду куруу зарыл иш экенин айтып, карай турганын белгиледи.

— Тилекке каршы, ал жерде Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын да баш жагын алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Ал жерде стратегиялык маселелер бар. Биз жол маселесин чечишибиз керек, — деди Марипов.

Эскерте кетсек, «Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык» жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 млн сомду түзөт. Курулуш иши 2014-жылы башталган Ак-Сай — Рават унаа жолунун узундугу 25 чакырымды түзөт. Долбоордун сметалык баасы — 584,5 млн сом.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Кайырбек

    04.02.2021 11:25

    Саламатсыздарыбы
    Эски президентке тиешелуу болгон кабарларды алып салуу керек деп ойлойм. Анткени сайт жаныланып туруусун ото зарыл. антпесе каралбаган сайт экен деп ойлоп калышат. рахмат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM