Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жаштарды көзөмөлдөө коопсуздук кызматына өткөрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 408 | 0

Өзбекстанда жаштардын «маселесин» Улуттук коопсуздук кызматы чече турган болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматына (УКК) «жаштардын социалдык маселелерин изилдеп, координациялоо» тууралуу тапшырма берди.

Бул боюнча президенттин басма сөз кызматынын алгачкы билдирүүсүндө жаштардын көйгөйүн чечүү жана аларды иш менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик акимдердин орун басарларына, Салык комитетинин, Соода-өнөр жай палатасынын жана коммерциялык банктардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлгөнү жазылган.

Бирок «Kun.uz» сайты жарыялаган президенттин төрагалыгы менен өткөн видеоселектордук жыйындагы тасмада Мирзиёев: «Сунуштардын негизинде райондор менен шаарларда жаштар программалары бекитилди. Аларды ишке ашыруу жана жаштардын социалдык маселелерин изилдөө иши Улуттук коопсуздук кызматына жүктөлдү», — деген.

«Президент алдыга коюлган маселелердин маанилүү экенин эске алып, программанын ишке ашырылышын УКК көзөмөлдөй турганын белгиледи», — деп жазды «Kun.uz» сайты.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук кызматынын 25 жыл мурда отставкага кеткен полковниги Махмуд Юлдашев кандай себептер менен жаштардын көйгөйлөрүн чечүү маселеси атайын кызматка жүктөлгөнүн түшүнбөй жатканын билдирүүдө.

Юлдашевдин айтымында, мекеменин уставында да, «Улуттук коопсуздук кызматы жөнүндө» мыйзамда да «атайын кызмат жаштардын маселеси менен алектенет» деген берене жок.

Copyright © 2017 Maral FM