Биз менен байланышыңыз

Социалдык өнүгүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бириктирилди

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 1041 | 0

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.

Улукбек Марипов өз программасын тааныштырып жатып, өкмөттүн курамы кыскартыларын айтты.

Анын маалыматы боюнча, Социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине бириктирилди.

Спорт комитети Маданият министрлигине бириктирилди.

«Биздин өлкө айыл чарбасына ылайыкташкан. Бул тармак өлкөнү өнүктүрүүдө негизги сектор болуп эсептелет. Андыктан аймактарды өнүктүрүү миссиясын аткарат. Курам боюнча 16 өкмөт мүчөсүнүн баары дасыккан, өз тармагын мыкты билген адистер десем болот», — деди Марипов.

Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповду парламенттеги көпчүлүк коалиция көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM