Биз менен байланышыңыз

Баткен-Ош жолу убактылуу жабык экени айтылды

Кыска кабар | 29 Июн 2024 | 203 | 0

Баткен облусунун жетекчилиги тургундардын Баткен-Ош жолуна чыкпай турууга чакырды.

«Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Бүгүн 28-июнда түштөн кийин Ноокат районунда жааган катуу жаандан пайда болгон сел, Ош-Баткен облусун байланыштырган Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай аймагындагы Найман жаңы көпүрөсүн алып кетти.

Мындан улам жол каттамы убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Өтө зарыл болгон учурда жеңил автоунаалар убактылуу эски көпүрөдөн бирден,жүргүнчүсүз өткөрүлүүдө.

Жүк ташуучу чоң автоунааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылууда.

Зарыл болбосо, коопсуздук үчүн жолго чыкпай турууңуздарды өтүнөбүз.

Кырдаал боюнча маалымат алып турабыз.

Жол ачылаар замат биз сиздерге расмий маалымат беребиз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун бир катар аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 7 адамды сел агызып кеткени белгилүү болгон. Учурда 5 адамдын сөөгү табылды. Эки адамдын сөөгү изделүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM