Биз менен байланышыңыз

«Ысык-Көлдө эс алам». Депутаттар эки айда эмне менен алек болот?

Саясат | 29 Июн 2024 | 225 | 0

27-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга тарашты. Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушат.

Биз эл өкүлдөрүнөн алдыңкы эки айды кандай өткөрөрүн сурап көрдүк.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алдыңкы бир айда өз ишмердүүлүгүн улантып, шайлоочулары менен жолугушат. Андан кийинки айда Ысык-Көл жергесине барып эс аларын айтты.

«1-8-июнга чейин аймактарга барып шайлоочулар менен жолугам. Андан соң, Түркияда депутаттар арасында достук жолугушуулар болот. Ал жака барууну пландап жатам.Ошондой эле  өзүбуздүн Ысык-Көлгө барып эс алам».

Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева эс алуунун биринчи айында депутаттык ишмердүүлүгү менен чет өлкөгө барат. Андан соң үй-бүлөсүнө көңүл бөлөт.

«Кореяга иш сапар менен барам. Анын алкагында гранттар жана долбоорлор тууралуу сүлөшүүлөр болот. Кыргызстанга келип, Шамалды-Сай, Аксы барып эл менен жолугам. Ортодо мыйзам долбоорун талкулоого катышам. Уулум  11-классты аяктап, Америкага окууга өттү. Август айында уулумду алып барып келем. Депутаттарга берилген путевка менен көлгө эс алууга убактым болсо барып келем».

«Элдик» депутаттык тобунун мүчөсү Кубанычбек Самаков, шайлоочулары менен жолугуп, башта берген убадалары канчалык аткарылып жаткандыгы туурлуу айтып берүүнү пландоодо. Андан кийин Ысык-Көлгө барып эс аларын айтты.

«Шайлоо учурунда берилген убадалар канчалык аткарлып жатканы туурлауу эл менен жолугуп, отчет берем. Ошону менен катар эс алам».

«Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын мүчөсү Динара Ашимова эки ай бою ишин улантат. Себеби сентябрь айы келери менен экология боюнча мыйзам долбоорун ишке ашырууну көздөп жатканын билдирди.

«Азыр жумуштамын, эс алуу учуруда иштейм.Себеби ишке ашыра турчу көп  мыйзам долбоорлор бар. Ошону менен үй-бүлө, ден соолгума көңүл бурам. Негизгиси иште эле болом. Ишкер айымдарга гранттарды жазуу боюнча окууларды өткөрөбүз. Сентябрга климат тууралуу мыйзам даярдап жатам».

Депутаттардын ишмердүүлүгү мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын биринчи жумуш күнүндө башталышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM