27-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга тарашты. Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушат.
Биз эл өкүлдөрүнөн алдыңкы эки айды кандай өткөрөрүн сурап көрдүк.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов алдыңкы бир айда өз ишмердүүлүгүн улантып, шайлоочулары менен жолугушат. Андан кийинки айда Ысык-Көл жергесине барып эс аларын айтты.
Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева эс алуунун биринчи айында депутаттык ишмердүүлүгү менен чет өлкөгө барат. Андан соң үй-бүлөсүнө көңүл бөлөт.
«Элдик» депутаттык тобунун мүчөсү Кубанычбек Самаков, шайлоочулары менен жолугуп, башта берген убадалары канчалык аткарылып жаткандыгы туурлуу айтып берүүнү пландоодо. Андан кийин Ысык-Көлгө барып эс аларын айтты.
«Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын мүчөсү Динара Ашимова эки ай бою ишин улантат. Себеби сентябрь айы келери менен экология боюнча мыйзам долбоорун ишке ашырууну көздөп жатканын билдирди.
Депутаттардын ишмердүүлүгү мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын биринчи жумуш күнүндө башталышы керек.