Биз менен байланышыңыз

Ноокатта сел 7 адамды агызып кетти

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 200 | 1

28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында  Ноокат районунда Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен   Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.

Натыйжада бир ички чарбалык көпүрөнү, 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Издеп-куткаруу иштерин координациялоо үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 30 куткаруучу тартылды.      

Кошумча 80 куткаруучу Ноокат районуна Оштон чыкты.    

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

1 пикир

1 пикир

  1. Зулайка

    29.06.2024 02:01

    Аллахым сактасын Ноокат элине сабыр,жана Аллахтын аманатында мээриминде болушсун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM