Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин бекитти. 3-февралда парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн курамы, түзүмү талкууланат.
Улукбек Мариповдун өмүр баяны:
Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетин финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1997-2001-жылдары — «Кызыл-Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
2001-2002 — Каржы министрлигинде жетектөөчү адис;
2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы;
2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы;
2005-2006 — Жогорку Кенештин депутатынын консультанты;
2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти;
2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор;
2010-жыл — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси;
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор;
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин – Президенттин жардамчысы;
2015-жылы — Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеп келет.
Марипов мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.