Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек жана медициналык буюмдарды алып келүү боюнча 8 кылмыш катталды

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 717 | 0

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 8 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Башкы көзөмөл органы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин  ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүздү.

Анын жүрүшүндө мыйзамдагы кетирилген мүчүлүштүктөрдөн улам, медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда департаменттин бардык тармактарында коррупциялык схема аныкталды.

Департаменттин жооптуу кызмат адамдары дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо, экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүгө ыңгайлуу шарт түзүшкөн.

Мындай кылмыштуу иштер коронавирус пандемиясы учурунда да жасалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 8 материалды каттап, тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Ошондой эле 4 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM