Биз менен байланышыңыз

«Пирамида» менен «5-каналдын» айлык маселелери талкууланды

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 820 | 0

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети «Пирамида» медиахолдинги менен «5-канал» жабык акционердик коомуна 20 млн сомдон 40 млн сом бөлүп берүү тууралуу маселени карады.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматына караганда, эки каналда иштеген кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык акы жетпей калган. Андыктан декабрь айына кошумча акча суралып жатат. Эки каналга жылына 20 млн сомдон бөлүнөт.

Талкууда депутат Осмонбек Турдумамбетов аталган каналдарды каржылоону токтотуу керек деген пикирин билдирди:

«Элдин эң олуттуу мектеп, оорукана куруу сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей жатса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?», — деди депутат.

Эл өкүлдөрү телекомпаниялардын жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча сурашты.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка таянсак, мамлекеттик телеканалдардын атайын эсеби жоюлган жана жарнамадан түшкөн акча бюджетке чегерилет. Так айтканда, телекомпаниялар тапкан акчасын өздөрү керегине жумшай албайт жана кирешесин көбөйтүүгө кызыкдар болбой калышкан. Учурда атайын эсепти массалык медианын өздөрүнө кайтарып берүү маселеси каралууда.

Маданият, маалымат жана турзим министринин орун басары Илязбек Балташевдин айтымында, «5-каналдын» 82 млн 484 миң сом карызы бар.

«Бешинчи каналдын» башкы директору 74 миң сом, башка жооптуу кызматкерлери да 61 миң сом, 49 миң сомдон айлык алып жатат. «Бешинчи канал», «Пирамида», ОшТВ деген каналдар мамлекеттик мүлк фондуна карап, жетекчилерин да ошолор дайындай берет. Биз эч кандай сунуш бере албайбыз», — деди министрдин орун басары.

Депутаттар мамлекет кыйын учурда өзүнө ашыкча жүк тартып жүрө бербеши керектигин айтышып, талкууга түшкөн эки каналдын келечегин аныктоону сунушташты. Эки каналга тең өнүгүү пландарын алып келүү тапшырмасы берилди.

Депутат Улан Примов маселе 2011-жылдан бери чечилбей келе жаткандыктан каналдарды сатууну сунуштады.

Жыйынтыгында, телеканалдардын тагдыры чечилгенче, суралып жаткан 40 млн сомду бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM