Биз менен байланышыңыз

УКМК: Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 364 | 0

Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, Улукбек Өмүрзаковдун «Жолчырак» ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катышы бар экени далилденген.

2021-жылдын 30-январында тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтурганына байланыштуу баш коргоо чарасы тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарууга алмаштырылган.

Буга чейин Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча кармалган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM