Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев: Президент мага колдоо көрсөттү

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 1238 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан алынган жок. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Кечээ социалдык тармактарда менин кызматтан алынарым тууралуу маалыматтар тарады. Азыр расмий тараптан колдоо бар. Жаңы шайланган президент мага ишеним көрсөтүп, аткарган иштерим боюнча ыраазы экенин айтты. Коомчулуктун мага болгон колдоосу менин мындан аркы иштериме дем-күч берип, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчилигимди күчөттү. Ар бириңиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Жакынкы аралыкта министрликтин реформалык кадамдары тууралуу иш-мерчемдерибизди жарыялап, коомчулуктун жана президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырууну баштайбыз», — деди министр.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри алмашары тууралуу сөз болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттеги көпчүлүк коалиция Алмазбек Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорунyн талапкерлиги сунушталарын жазган. Депутат ага мурда кылмыш иши козголгонун укканын, мындай кадрды алып келүүгө жол бербөө керектигин билдирген.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду. Анда премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүү, ошондой эле өкмөттүн жаңы курамын бекитүү маселеси талкууланууда.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду көрсөттү.

Алмазбек Бейшеналиев менен Тилек Токтогазиев мамлекеттик кызматка Октябрь окуяларынан кийин келишкен. Алардын кызматтан алынары коомчулуктун нааразылыгын жаратты.

Copyright © 2017 Maral FM