Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба техникаларын жакшыртуу максатында 540,9 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 468 | 0

Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө 540,9 млн сом бөлүндү. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду.

Өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жогорудагы каражат Айыл Банк аркылуу жылдык 9% менен, 7 жылга чейинки мөөнөткө, негизги сумманы жылына 2 жолу төлөп берүү мүмкүнчүлүгү менен берилет.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, бул мүмкүнчүлүк республиканын машина-трактор паркын жаңыртууга жана агрардык сектордун техникалык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул программа ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн шаймандардын лизингин каржылайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM