Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз +1…+6;
Талас жергесинде: түнкүсүн -9…-14, күндүз +3…+8;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында: түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда: түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз +3…+5 градус болот.