Биз менен байланышыңыз

Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 609 | 0

Бүгүн, 28-январда Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Саат 14:00дө эскерүү митинги болуп, 14:30да сөөктү алып чыгышат.

Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын-жазуучулар жана башкалар келип жатат. Президенттик аппараттан да келишет.

26-январда Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү акын, котормочу жана сүрөтчү Рамис Рыскулов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналында иштеген.

Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен жарык көргөн. Ал ошондой эле «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» аттуу жыйнактардын автору. 1950-жылдардын ортосунда кыргыз поэзиясынын тематикалык мазмунун жаңылоо, кеңейтүү багытында демилге көтөргөн да Рыскулов болгон.

Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңирди.

Акын А. С. Пушкиндин, Н. А. Некрасовдун, С. В. Михалковдун, С. А. Есениндин, В. В. Маяковскийдин, А. А. Вознесенскийдин жана Х. Алимжановдун ырларын кыргызча которгон.

Рамис Рыскулов жеке эле ыр жазбастан, сүрөтчүлүк өнөрү менен да таанымал. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүүсү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлган. Ал ошондой эле Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, диплом алган жана фестивалдын лауреаты болгон.

Кыргызстан эли, маданий коомчулугу жана интеллигенциясы маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Т. Т. Мамытов, А. Э. Новиков, С. С. Касмамбетов, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, Э. Ж. Сурабалдиева, Р. А. Сабиров, Б. А. Аманбаев, Г.С Калиева, Г. С. Молдобекова, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, Н. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, А. Т. Мамашева, Б. К. Райымкулов, А. Б. Бейшеналиев, Н. К. Кадырбеков, К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев, М. М. Мамытов, Б. Жакиев, М. С. Жуматаев, Н. Калыбеков, С. А. Раев, Ш. Дүйшеев, А. Өмүрканов, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Н. И. Ишекеев, Ж. У. Саралаева, М. И. Мияров, М. К. Карагулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM