Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун жактырды

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 648 | 0

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Башмыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Кеңешме 27-январда ишин аяктады.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингде кабарлагандай, айтылган сунуштар жана ойлор протоколго киргизилип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариант Жогорку Кеңешке өткөрүлөт.

Жаңы Конституция: Президенттин аппарат башчысы өкмөттү да жетектейт

Башмыйзамды өзгөртүү жана аны референдумга алып чыгуу боюнча иштеген Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда ишин баштаган.

Ал 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун талкуулады.

Башмыйзамдын жаңы долбоору: Жогорку Кеңеште 90 депутат болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM