Биз менен байланышыңыз

Башмыйзамдын жаңы долбоору: Жогорку Кеңеште 90 депутат болот

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 761 | 0

Башмыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Кеңешке 90 мандат берүү сунушталды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин 26-январдагы жыйынында айтылды.

Буга чейин парламентке келе турган депутаттарды шайлоону партиялык тизме жана мажоритардык система аркылуу өткөрүү сунушталган. Бүгүнкү жыйында шайлоо системасы көрсөтүлбөгөнү, аны Жогорку Кеңеш тандай турганы айтылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү да киргизилди.

«Конституциянын негизги өзгөчөлүгү — эл бийлиги. Биз аны күчөтөлү дедик. Жогорку Кеңештин депутаттарын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Экинчиден, социалдык мүнөздөгү Башмыйзамды түзгөнгө аракет кылдык», — деди Бөрүбашев.

Жумабеков: Кыргызстанда 120 депутаттын болушу туура

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өттү. Парламенттик шайлоо июнь айларында өтүшү мүмкүн экени кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM