«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады. Аба майдандын аймагындагы туман тарады. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин коюу туманга байланыштуу Алматы-Бишкек-Алматы, Ош-Бишкек каттамдары боюнча учактар кармалып жатканы кабарланган. Учурда аталган каттамдар аткарыла баштады.
Жүргүнчүлөр каттамдар тууралуу суроолорду 0(312)693109 номуру аркылуу тактай алат.