Биз менен байланышыңыз

Жол чарба департаментинин жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 805 | 0

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, министрликтин «И.Ш.М.» аттуу өкүлү кымбат баалуу турак-жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган.

Бул факты Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык териштириле баштады.

УКМКнын маалыматына караганда, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлө турган мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөн.

Ал үч хан сарайды, бир нече кымбат автоунааны, Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 батирди туугандары менен жакындарына каттаткан. Ошондой эле жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турган.

Атайын кызмат министрликтин башка кызматкерлеринин да бул ишке тийиштигин текшерүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM