Биз менен байланышыңыз

Конституциянын жаңы долбоору иштелип бүттү

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 794 | 0

Башмыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун жакында Жогорку Кеңешке өткөрөт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кабарлады.

Башмыйзамдын долбоору ушул жумада акыркы жолу талкууланып, андан соң парламенттин кароосуна киргизилет.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда ишин баштаган.

Ал 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM