Биз менен байланышыңыз

Анжеликанын кичүү кызына операция жасалат

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1408 | 0

Ырчы Анжелика Кайратованын кичүү кызы Түп аймактык ооруканасынан Бишкекке которулду. Ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кыздын жамбаш сөөктөрүндө сынык бар. Ага операция жасоо пландалууда.

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжеликанын омурткаларына 24-январда чукул операция жасалган. Ал 23-январда кечинде ооруканага түшкөн. Абалы туруктуу экени айтылган.

Анжелика Караколдон Бишкекке келе жатып жол кырсыгына кабылган. Унааны анын курбусу башкарып келе жатканы жана өзү менен кошо эки кызы да бар экени айтылган. Кичүү кызы эки бутунан жаракат алып, Анжелика омурткаларынан жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM