Биз менен байланышыңыз

Новиков бажы тармагын жакшыртуудагы кемчиликтерди сындады

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 593 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы тармагын жакшыртуу боюнча тапшырмалар аткарылбаганын сындады. Ал бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жумууга болбой турганын айтты.

«Бир жарым ай мурда жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде атайын бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген«, — дейт Новиков.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевдин айтымында, бажы тармагын өнүктүрүү планы даярдалган, келишимдерди түзүү аяктап калды жана жакында тийиштүү долбоорлор ишке киргизилет.

Новиков Кытай тарап менен биринчи этапта «Эркечтам» өткөрүү пунктунан өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га, «Торугарттан» өтө турган унаалардын санын 15ке чейин көбөйтүүнү тапшырды. Ал үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоо керек.

Мындан тышкары Бажы кызматын 2021-2023-жылдары өнүктүрүү боюнча план даярдоо тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM